Недавно добавленные

Абакиров К.

Касым Тыныстанов - кыргыз маданиятынын көч башы

XX кылымдагы кыргыз маданиятынын, адабиятынын жана илиминин өрүш алышына ченемсиз салым кошкон Касым Тыныстан уулунун аянычтуу тагдыры тууралуу кийинки жыйырма беш-отуз жыл аралыгында кыйла эмгектер пайда болду. Бул кайталангыс инсандын өмүрү, орошон чыгармачылык мурасы, ишмердиги дагы эле калайык-журттун бүйүрүн козгоп келет.Бирок анын тагдыры менен канчалык тереңирээк таанышкан сайын табышмак суроолордун саны артканы байкалат. Макалада К. Тыныстановдун өмүр жолуна байланыштуу маалыматтар 1925-жылдын 8-ноябрында толтурула баштап, 1964-жылдын 20-октябрында жабылган Касым Тыныстановдун өздүк иши, анын ичинде автордун өз колу менен толтурулган баракчасы жана өмүр баянынын негизинде берилди. К. Тыныстановго түрдүү себептер менен кийин да бир нече жолу өздүк баракча толтуруп, өмүр баян жазууга туура келген. Аларда айрым майда-барат дал келбөөчүлүктөр, биринде кездешип, экинчисинде дагы эле айрым себептер менен түшүрүлгөн маалыматтар бар. Ошолордун ичинен бөтөнчө ишеним туудура турганы мына ушул өздүк иш болуп саналат.

Категория:№ 50(1) / 2021 2022 - 04 - 18 asel Скачать

Алымбеков К.А., Муканбетова Р.Б.

Улут лидери - Жусуп Абдрахманов

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө Жусуп Абдрахмановдун кошкон салымы абдан чоң. Ал манаптын үй-бүлөсүндө туулган. Адегенде Сазановка айылындагы орус-тузем мектебинде, кийин Караколдогу шаардык жогорку башталгыч окуу жайында билим алган. 1916-ж. көтөрүлүштө эл менен кошо Кытайга качып, жолдо атасынан, бир туугандарынан айрылган. Кытайдан 1917-ж. кайтып келип, Каракол гарнизонундагы офицерлерде ат багар болуп иштеген. Орус тилин жакшы билгендиктен, полковник Бычков деген Жусупту Верныйга өзү менен кошо ала кетет. Ал Верныйда комсомол уюму уюштурулганга чейин Кызыл Социалисттик Жаштардын шаардык кеңешинин составына кирген. Жусуп 1920-ж. РКСМдын Москвадагы белгилүү IIIсъездинин делегаты болгон. Кыргызстандын өз алдынча мамлекет болуп түзүлүшүнө көп аракеттерди жасаган. Үркүндөн кийин кыргыз элин экинчи жолу кырылып, жок болуп кетүү коркунучунан сактап калган. 1938-ж. 4-ноябрда СССР Жогорку Сотунун аскер коллегиясынын атынан коюлган антисоветтик чыккынчылык уюмга таандык экендиги тууралуу өкүм угузулуп, өлүм жазасына тартылган. 1988-жылы 29-декабрда реабилитацияланган.

Категория:№ 50(1) / 2021 2022 - 04 - 18 asel Скачать

Каниметов А.К.

Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөн инсан

Макала кыргыз совет мамлекетинин келечегине ак ниет менен кызматын өтөгөн тайманбас эрки менен анын түптөлүшүнө зор салым кошкон, мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн кырчындай жаш өмүрүн арнаган, бирок өмүрүнүн акырында өздөрү түзгөн системанын курмандыгы болгон кыргыз совет мамлекетинин көрүнүктүү ишмери Жусуп Абдрахмановдун өмүрү жана ишмердүүлүгүнө арналат.

Категория:№ 50(1) / 2021 2022 - 04 - 18 asel Скачать

Абдрахманов Б. Дж.

Политические репрессии в Киргизской ССР в 1937-1938гг.

В статье рассматривается вопрос развития репрессий в отношении "врагов народа", проживающих в Киргизской ССР в 1937 - 1938 гг. Определяются научная значимость приводится уяснения как объективных, так и субъективных предпосылок карательной деятельности органов безопасности в первые годы советской власти. Целью работы является изучение фактических материалов из архива государственного комитета национальной безопасности. эти материалы помогают нам переосмыслить и дать политическую оценку событий этого непростого периода. автор проанализировал репрессивную деятельность, так как важно всегда иметь в виду аспекты политического характера, ибо спецслужбы были инструментом правящей партии и подчиняются ее требованиям и законам. Новизна исследования обусловлена введением в научный оборот Республики. Кроме того, впервые приводится статистические данные о некоторых категориях репрессированных в республике.

Категория:№ 50(1) / 2021 2022 - 04 - 18 asel Скачать

Абдалиева Г. К., Иманова Д.

Ж. Абдрахманов коллективдештирүү мезгилинде кыргыздардын кытайга аргасыз журт которушунун себептерин ачып көрсөтүшү

Макалада Ж. Абдрахманов коллективдештирүү мезгилинде кыргыздардын аргасыздан журт которушунун негизги себептерин ачып көрсөткөнү талдоого алынган.Кыргыздардын журт которушунун негизги себептери катары совет бийлигинин кулакка тартуу саясаты, бай-манаптарга кысым көрсөтүү, пахта, дан жыйноо, саясаттын кесепеттери көрсөтүлгөн. Совет бийлигинин акыйкатсыз, күч колдонуу саясаты мажбурлоо жолдору менен жүргүзүлгөнүнүн натыйжасында, өлкөнүн белгилүү саясий ишмерлери жазыксыз айыпталып, репрессияланган. Бул макаланы жазууда архивдик маалыматтар жана Ж. Абдрахмановдун жеке күндөлүгү негизги булак болуп эсептелди. Архивдик булактарга жана жарыяланган изилдөөлөргө негизделген макалада 1930-1931-жылдардагы коллективдештирүү саясатынын ишке ашырылышы каралат.

Категория:№ 50(1) / 2021 2022 - 04 - 18 asel Скачать